Абдыманап Кутушев кесиптеши Бөдөш Мамырованы сөздү жакшылап угуп, анан сын айтууга чакырды
Депутат Абдыманап Кутушев кесиптеши Бөдөш Мамырованы сөздү жакшылап угуп, анан бирөөгө сын айтууга чакырды. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында айтты.
“Мен кечээ Жоомарт Оторбаев деп айтканымды сиздер туура эмес угуп алып, мени жемелегенсиздер. Бүгүн айткан сөзүмдүн стенограммасын карап чыктым. Эч кандай жаңылбаптырмын. Анча-мынча жакшы укпагандар кулагын тазалап жууп турушсун”,- деди какшык аралаш Кутушев.
Айта кетсек, кечээ, 1-октябрда парламент жыйынында Мамырова депутат Кутушевди "Оторбаевди "Уторбаев" деп жатасыз, туура айтыңыз" деген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

