super.kg logo
  Саясат  

"Нарын шаарындагы 3 көчөнү оңдой албаганыбыз уят" деди спикер Жээнбеков

 

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан айтылган айрым көйгөйлөргө токтолду. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнун улуттук стратегиясы кабыл алынганын белгилеген спикер стратегиянын толук аткарылышын парламент көзөмөлдөй турганын айтты. "Парламент биринчи жолу Улуттук стратегияны кабыл алып берген. Ошол программанын толук аткарылышын мен дагы спикер катары, биз, парламент талап кылышыбыз керек. Ошол аркылуу гана маанилүү долбоорлор ишке ашып, мамлекет алдыга жылат",- деди Жээнбеков.

Нарын шаарындагы жолдордун абалына өкмөт көңүл бурбай жатканы боюнча сынга парламент жетекчиси буларды айтты: "Нарын – чоң өрөөндүн борбору, келечектүү өрөөн. Нарын шаары боюнча өкмөттүн программасы болуш керек. Ошол программада жолдорго качан асфальт төшөлөрү, алдыда кандай иштер аткарыларына так жооп берилиши шарт. Нарын шаарындагы үч негизги көчөнү асфальттай албаганыбыз уят. Үч же беш чакырым жолду асфальттоо өкмөт үчүн эч нерсе эмес".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: