super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү менен жолугушту

 

Бүгүн, 25-январда төрага Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиянын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Марай Дербас Аль Барак менен жолугушту. Жолугуушууга вице-спикер Төрөбай Зулпукаров жана “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын” президенти Саид Баюми да катышып, эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Саид Баюми элдин аз камсыз болгон катмарына жардам көрсөтүүчү уюм тууралуу айтып, социалдык мекемелерди куруу тууралуу долбоорлор иштелип чыгып жатканын белгиледи. Баюми “Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгү жөнүндө учкай маалымат берди. Аталган уюм калктын коргоого муктаж катмарына жардамдарды көрсөтүү, социалдык мекемелердин курулушу боюнча долбоорлордун алкагында Кыргызстанда кайрымдуулук иштери менен алектенип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: