super.kg logo
  Спорт  

Инчхон-2014: Боксчу Азат Усеналиевге каршы эреже бузуу менен жарым финалга чыккан пакистандык мушкер 3-орунду ээледи

 

Азия оюндарынын алкагында 29-сентябрда бокс боюнча 52 килограмм салмакта чейрек финалдык беттеште кыргызстандык мушкер Азат Усеналиевдин кашын жара сүзүп, талаш-тартыштар менен утуп, жарым финалга чыккан пакистандык Мухаммад Васеем жарым финалда утулуп калды. Ал өзбекстандык мушкер Шахобидин Заировго туш болуп, 3:0 эсебинде жеңилди. Жеңилгенине карабай ал жобо боюнча коло медаль тагынды. Финалдык беттеш казакстандык Ильяс Сулейманов менен Шахобидин Заировдун ортосунда 3-октябрда болот. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.

Кошумчалай кетсек, 29-сентябрь күнү КРнын Бокс федерациясы калыстарга Азат Усеналиевди каршылашы атайын сүзгөн болушу мүмкүн экенин, эгер эреже бузуу катталган болсо, Азатты жарым финалга чыгаруу өтүнүчү менен арыз жазган. Бирок калыстар жамааты арызды канааттандырган эмес. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: