super.kg logo

Жалал-Абад облусунда жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн кызматкери "кызматтык жасалмачылыкка барган" деп шектелүүдө

 

Жалал-Абад облусундагы райондордун биринин жарандык абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) бөлүмүнүн  кызматкери "кызматтык жасалмачылыкка барган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызматкер М.Т. аттуу жаран менен бирге мыйзамсыз иш-аракеттерге барып, өспүрүмдүн фамилиясын өзгөртүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып беришкен. Бул учурда ата-эненин биринин макулдугу болгон эмес.

Учурда “кызматтык жасалмачылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: