super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев бүгүн ата-энесиз жана кароосуз калган балдардын жатак-мектебинин ачылышына катышат

 
Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Октябрь районунда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүчү жатак-мектебинин ачылыш аземи болот. 1990-жылдан бери бул мекеме №71-жалпы орто билим берүүчү мектеп болгон. Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы токтому менен бул окуу жай жетим жана ата-эненин камкордугусуз калган балдар тарбиялана турган жай болуп өзгөртүлгөн. Учурда аталган интернатта 556 бала окуйт, алардын 142си жетимдер.
Окуу жайдын капиталдык оңдоо иштерине Түркия 700 миң доллар бөлгөн. Жатак-мектептин ачылышы кароосуз калган балдарды колдоо максатында Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ишке ашырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: