Бишкек шаарындагы өрт кырсыгынан 63 жаштагы жаран каза тапты
Бишкек шаарында өрт кырсыгы катталып, 63 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн, 3-октябрь күнү саат 01:46 чамасында катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, үй оокаттары күйгөн. Ошондой эле 1951-жылы туулган үй ээсинин түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.