Жети-Өгүз районунда жасалма документтер аркылуу пенсиялык төлөмдөрдү алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Жети-Өгүз районундагы Социалдык фонддун кызмат адамдары менен аталган райондогу “Кыргыз почтасы” ишканасынын кызматкерлери ич ара сүйлөшүп алышып туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкерлер жасалма документтер аркылуу пенсиялык төлөмдөрдү алып келишкен. Мындан улам мамлекет 2 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Учурда “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.