super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда быйыл 8 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалган

 
Бүгүн, 3-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги айыл чарба тармагындагы инновациялык технологияларды жайылтуу максатында Кызылча-талаа күнүн өткөрөт. Муну министрликтин маалымат кызматы билдирди. Быйыл өлкөдө 8 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалганы айтылды. "Иш-чарада дыйкандар өз ара сүйлөшүп, тажрыйбаларын ортого салышып, кызылчаны жыйноону заманбап техникалардын жардамы менен кыска мөөнөттө бүтүрүүнүн жолдорун үйрөнүшөт. Иш-чарада Түркияда жасалган кант кызылчасын казып жыйноочу комбайн иш жүзүндө көрсөтүлөт",- деп айтылат маалыматта. Кызылча-талаа күнү Кант шаарында жайгашкан “Чоң-Арык” дыйкан чарбасында өтөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: