super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "өлкөдөгү айрым байлардын курсагы эч эле тойбой койду" дейт

 
Бүгүн, 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бишкектин Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинде болду. Иш-чарада өлкө башчы жардамга муктаж болгон жетим балдарга жана карыларга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирди. "Кээ бир адамдардан ыйман качты. Алар өзүнүн байлыгын эле ойлоп, жардам көрсөтүүнү унутуп калышты. 2-3 унаага ээ болушуп, курсактары эч тойбой койду",- деп кызууланды президент.
"Бүгүн биз ата-энесиз жана кароосуз калган балдардын жатак-мектебинин бет ачарына келдик. Мындан ары да жетимдерге жардам көрсөтөбүз. Диний китептерде "жардамга муктаж болгонго колуңду сун" деп жазылган. Кыргызстанда ушул сөздү унутпай, эске алып жүрөлү",- деди Атамбаев.
Андан соң өлкө башчы мекеменин башчысына 1 миллион сом акчалай жардам катары сертификат тапшырып, китептерди берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: