super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык Нургазы Чолпонбаев эл аралык футбол федерациясынын судьялар тизмесине кирди

 

Кырызстандык Нургазы Чолпонбаев быйыл эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) судьялар тизмесине кирди. Бул маалыматты Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. ФИФАнын судьялар боюнча инструктору Виктор Колпаковдун айтымында, улуттук федерациялар аталган тизмеге кирүүгө татыктуу болгон судьялардын талапкерлигин жыл аягында сунуштайт. Андан кийин алар ФИФАнын чечими менен эл аралык класстагы калыстардын тизмесине кирет. Эскерте кетсек, буга чейин ФИФАнын тизмесине кирген Кыргызстандын үч гана судьясы болгон. Алар: Дмитрий Машенцев, Тимур Файзуллин жана Рысбек Шекербеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: