Кыргызстанда аптасына 6 күн иштеген билим берүү мекемелери 6-октябрда кадимкидей иштейт
Кыргызстанда аптасына 6 күн иштеген билим берүү мекемелери 6-октябрда кадимки график боюнча иштейт. Муну 3-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин буйругуна ылайык, аптасына 5 күн иштеген билим берүүчү жайлар: бала бакчалар, мектептен сырткары билим берүүчү мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлары Курман айт майрамына байланыштуу 4-6-октябрь күндөрү иштебейт. "Майрам күндөрүнө туш келип, окутулбай калган сабактар башка күндөрдүн эсебинен толукталат",- деп билдирет министрлик.
Айта кетсек, өлкөдө Курман айт майрамы 4-октябрь күнү (ишемби) белгиленет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















