Оштун Шарк айылдык округу тарабынан Баткендеги "Төрт-Күл" чек ара постуна 500 миң сом акча каражаты бөлүндү
Ош облусунун Шарк айылдык округу тарабынан Баткен облусундагы "Төрт-Күл" чек ара постундагы чек арачыларга 500 миң сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Шарк айыл округунун башчысы Астанбек Жолдошев аталган акча каражаты "Төрт-Күл" чек ара постуна мончо куруу үчүн жумшаларын айткан. “Биздин депутаттар, айылдык кеңештин төрагасы жана айылдагы аксакалдардын макулдашуусу менен акча каражаты бөлүнүп, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата жакшы демилге болду”,- деп билдирген А.Жолдошев. Акча каражаты 6-октябрда аталган чек ара постуна тапшырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
temirov76

03.10.2014. 18:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,бул ото жакшы саамалык.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.