Алмазбек Атамбаев "азыр парламенттик систем, баарын эле президент чечпейт" деди
"Биз авторитардык режимге кайтпашыбыз керек",- деп билдирди 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы энергетикадагы кырдаалга токтолуп, акыркы 4 жылда Энергетика министрлигинин бир катар жетекчиси алмашканын айтып, муну парламенттик башкаруунун таасири деп атады. "Азыр парламенттик систем, келечекти ойлойлу. Депутаттар да министр кылып кимдерди шайлап жатканын ойлонушу керек. Эл да баарын президент чечет деп көнүп алган, азыр андай эмес, президент баарын эле чече бербейт",- деп билдирди Атамбаев.
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинде иш сапары менен болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

