super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда шашылыш жана жаңылыш саясий чечимдерди кабыл алуудан куткара турган систем түзүү сунушталууда

 
Кыргызстандагы ченемдик-укуктук базага эффективдүү мониторинг жүргүзүү системин түзүү шашылыш жана жаңылыш саясий чечимдерди кабыл алуудан куткарат. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко ушундай пикирде. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизми эксперттер менен жарандык коомчулукту тартуу менен мамлекеттик саясаттын, ченемдик-укуктук актылардын натыйжалуулугу боюнча маалымат берүүгө шарт түзөт”,- дейт депутат.  

Сунушталган системдин эки максаты бар: ченемдик-укуктук база канчалык деңгээлде иштээрин аныктоо жана документтердин жетимдүүлүгүн камсыздоо. “Башкача айтканда, жарандар документтер менен тааныша алгандай кылып сапатты баалоонун жыйынтыктарын ар дайым жарыялап туруу зарыл”,- дейт ал.

Айта кетсек, быйыл сентябрда Бишкек шаарында “Өнүктүрүү үчүн баалоо: ишке киргизүүдөн таасир этүүгө” аттуу конференция өтүп, анда эксперттер менен аналитиктердин, жарандык коомдун потенциалын тартууга көмөктөшүүчү системди түзүү талкууланган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: