super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Урматтуу агартуу тармагынын кызматкерлери! 

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан кесиптик майрамыңыздар – Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн жаркын келечегин жана элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылууда сиздер берген билим, таалим-тарбиянын мааниси зор. Мугалим агартуучулук вазыйпаны аркалоонун натыйжасында Кыргызстандын пайдубалын бекемдөөгө үлкөн салым кошот. Азыркыдай технологиялык доор арышын кеңейткен заманда илим-билимсиз мамлекеттин болочогун элестетүү кыйын. Сиздердин алдыңыздарда билим берүүнүн заманбап усулдарын колдонуу, анын негизинде келечек муундун билимин жогорулатуу, аны жаңы сапаттык деңгээлге алып чыгуу түйшүгү турат.

Мугалимдердин талыкпаган мээнети үчүн канча ыраазычылык айтсак дагы аздык кылат. Дайыма чың ден соолукта болуп, үй-бүлөңүздөр менен бирге бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Ары түйшүктүү, ары жооптуу ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын. Майрамыңыздар менен!” деп айтылат спикердин куттуктоосунда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: