super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоосу төмөнкүдөй:
"Урматтуу мекендештер! 
Сиздерди мусулмандардын ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер. Биздин ата-бабаларыбыз көптөн бери Курман айтты белгилеп келишет. Бул күнү бардык мусулмандар курмандык чалып, дасторкон даярдап көзү өткөндөрдү эскеришет. Курман айт майрамында Кудай Кыргызстандын элине тынчтык, ынтымак тартууласын. Ар бир үйдө береке, жетишкендик жана бакыт өкүм сүрсүн. Курман айт майрамы убакытты үй-бүлө менен чогуу өткөрүүгө, жолдоштор менен достук мамилени жаңылоого, бизден узап кеткендерди эскерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Муну менен бирге бул майрам муктаж болгондорго, жетимдерге, карыларга жана жесирлерге жардам берүүгө багытталганын эске алышыбыз керек. 
Урматтуу мусулмандар! Кымбаттуу мекендештер!
Ар дайым сиздердин үй-бүлөңүздөрдө ынтымак жана бакыт, ал эми республикада туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү болсун". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: