Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдик түзүү боюнча мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия, Беларусь жана Казакстандын ортосунда Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз кызматы билдирди. Экономикалык биримдик түзүү келишимине 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында аталган 3 өлкөнүн президенттери кол коюшкан эле. Келишим - товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашына байланышкан тоскоолдуктарды жоюу максатында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү боюнча Орусия, Беларусь жана Казакстандын ортосундагы макулдашууну аныктай турган базалык документ.
Ал 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

