Жалал-Абад шаарында Айт намазы борбордук мечитте окулуп, ага Тайырбек Сарпашев катышты

Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад шаарында Айт намазы борбордук “Аль-Бухари” мечитинде окулду. Ага бийлик өкүлдөрүнөн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдирди. Маалым болгондой, жамгыр жааганына байланыштуу намазга 3 миңге чукул киши чогулган (былтыр мындан кыйла көп болгон). Сарпашев шаар тургундарына өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атынан жана өзүнүн атынан куттуктоо сөзүн айтып, жакшылык каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

