Нарын. Кыргызстандын хоккей боюнча 5-юбилейлик чемпиондугу өтүүдө
25-январда, Нарын шаарында хоккей боюнча республикалык чемпиондук расмий түрдө ачылып, алгачкы оюндар болуп өттү. Бүгүн, 26-январда мелдештин экинчи күнүндөгү оюндарга 5 команда ат салышууда. Эске сала кетсек, Кочкор районунун “Шортон” командасы оюнга келбей калып, учурда Чолпон-Ата шаарынан “Ысык-Көл” командасы айлампага кирди. Саат 14:00дө мелдештин 4-туру башталып, анда Жумгал районунун жана Бишкек шаарынын командалары ат салышса, саат 15:00дө Нарын жана Миң-Куш шаарларынын оюнчулары беттешет. Алдын ала чыгарылган жыйынтыктарга караганда азырынча Бишкектин “Арстан” командасы жана Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командалары алдыда келе жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















