super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев президент Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

 
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Владимир Путиндин түздөн-түз катышуусу менен кыргыз-орус мамилелери стратегиялык кызматташуунун жогорку деңгээлине көтөрүлгөнү белгиленет. "Биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сиздин жеке салымыңызды, республикабыздын евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышууга умтулуусун колдогонуңузду Кыргызстандын эли жогору баалайт",- деп айтылат куттуктоодо. Куттуктоодо азыркы Орусия, анын өнүгүүсү жана эл аралык кадыр-баркы Владимир Путиндин ысымы менен тыгыз байланышкандыгы да белгиленет.
Алмазбек Атамбаев Орусия лидерине бакыт, ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы жетишкендиктерди каалады.  
Айта кетсек, В.Путин бүгүн, 7-октябрда 62 жашка толду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: