super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-октябрда жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 
"Урматтуу авиация кызматкерлери!
Кыргызстандын жарандык авиациясынын 81 жылдыгына жана СССРдин Эмгек сиңирген учкучу Ишенбай Абдраимовдун 100 жылдыгына карата чын дилден айтылган куттуктоомду кабыл алыңыздар. Кыргыз Республикасынын маданий жана өндүрүш потенциалын көтөрүүгө, аймактар аралык жана эл аралык байланышты бекемдөөгө авиациянын таасир этери талашсыз. Авиация Кыргызстандын КМШ, Азия жана Европа өлкөлөрү менен кызматташтыкты камсыз кылуудагы эффективдүү транспорт бойдон кала берет. Авиация кызматкерлеринин талыкпас эмгегинин артынан жүргүнчү ташуунун көлөмү туруктуу өсүп, жаңы эл аралык каттамдар ачылууда",- деп башталган куттуктоодо жарандык авиациянын мамлекет үчүн мааниси тууралуу сөз болот. 
Оторбаев тармактын кызматкерлерине ачык асман, коопсуз учууларды, бекем ден соолук, үй-бүлөлөрүнө ийгилик жана бакубатчылык каалады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: