super.kg logo

Кыргызстанда Жарандык процессуалдык кодекстин жаңы долбоору сунушталды

 

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте мамлекеттик резиденцияда Соттук реформа боюнча кеңештин отуруму өтүп жатат. Анын жүрүшүндө аталган кеңештин мүчөсү Гүлбара Калиева Жарандык процессуалдык кодекстин жаңы иштелип чыккан долбоорун сунуштады. Анын айтымында, бул долбоор соттордун ишмердүүлүгүн жана соттук чечимдин туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

“Жаңы иштелип чыккан кодекске ылайык, соттук инстанциялардын модели төмөнкүдөй болмокчу:

1) 1-инстанциядагы сот – райондук соттор бардык жарандык иштерди караштырат. Иш бир судья тарабынан же мыйзамга ылайык, коллегиялык түрдө караштырылат.

2) 2-инстанциядагы сот – апелляциялык сот. Бул жакта бардык жарандык иштер 3 судья тарабынан караштырылат. Райондук сотторго кайра кайтарууга алардын укугу бар (толук эмес апелляция)

3) КРнын Жогорку Соту – буга чейин соттордун чечимдердин тууралыгы караштырылуучу кассациялык сот. Иштерди 5 судья караштырат”,- деп түшүндүрдү Калиева.

Андан соң ал “эгер мындай модель кабыл алынса, текшерүүчү иштер 2-инстанциядагы сотто жүргүзүлүп, соттук практиканын туруктуулугу жана укуктук түшүнүк сакталат” деп толуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: