Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармоо учурунда ок атылды
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармоо учурунда ок атылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, бүгүн саат 5:00 чамасында Набережный жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Түнкү милициянын кайгуул кызматы жол кырсыгынан качкан айдоочуну көрүп, аны кармоо үчүн кууп жөнөшкөн. Айдоочу токтобой койгондо, эскертүүчү ок атылып, тартип бузган айдоочу кармалган.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Унаа айып жайына токтотулуп, кармалган адамдын жана жол кырсыгында жабыр тарткан адамдын өздүгү такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.