Кыргызстанда учурда чөптүн баасы былтыркыдан 100 сомго кымбат болууда
Талас, Ош, Нарын облустарында башка аймактарга салыштырмалуу чөптүн (тоют) баасы кымбат болууда. Муну 7-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 3-октябрга карата өлкөдө бир түк чөптүн баасы орточо эсеп менен 210 сом болууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 100 сомго кымбат. Бир түк чөп:
Нарын облусунда 200-250 сом;
Ош облусунда 200-250 сом;
Талас облусунда 200-250 сом;
Чүй облусунда 210 сом болуп жатканы айтылды.
Баткен облусунда 190-200 сом;
Ысык-Көл облусунда 180-200 сом;
Жалал-Абад облусунда 170-180 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















