super.kg logo
  Спорт  

Оор атлетика боюнча жаштар жана улуттук кураманын мүчөлөрү машыкчу залды оңдоп-түзөө аяктап калды

 
Залдын бир бөлүгү оңдоп-түзөлүп, бүгүн-эртең ишке берилүү алдында турат.
Азия чемпиондугунда алынган штангалар...
Азия чемпиондугунда алынган штангалар...
Азия чемпиондугунда алынган штангалар...
Оңдоп-түзөө иштери толук бойдон аяктай элек. Ошентсе да спортчулар жакын арада машыгууну бул залда баштай беришсе болот.
Эскирген эшик-терезелер толугу менен алмаштырылды.
Эскирген эшик-терезелер толугу менен алмаштырылды.
Штанга жана төшөлмө...
3-кабаттагы зал толук оңдолуп бүтө электе эле ишке берилди.
3-кабаттагы зал толук оңдолуп бүтө электе эле ишке берилди.
3-кабаттагы зал оңдоп-түзөө иштери толук бүтө электе эле ишке берилди.
3-кабаттагы залдын оңдоп-түзөө иштери толук бүтө элек, ошентсе да ишке берилди.
3-кабаттагы зал оңдоп-түзөө иштери толук бүтө электе эле ишке берилди.
3-кабаттагы зал оңдоп-түзөө иштери толук бүтө электе эле ишке берилди.
3-кабаттагы зал оңдоп-түзөө иштери толук бүтө электе эле ишке берилди.
Улуттук курама команданын көрүнүктүү өкүлү Бекзат Осмоналиев азырынча мелдеш өтүүчү залда машыгуу өткөрүп жатат.
Улан Молдодосовдун айтымында, спорт менен машыгуу үчүн мыкты шарт керек.
Улан Молдодосовдун айтымында, спорт менен машыгуу үчүн мыкты шарт керек.

Оор атлетика боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн Бишкек шаарындагы адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин машыгуу залы оңдоп-түзөө иштеринен кийин ишке кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мектептин директору Улан Молдодосов билдирди. 

Анын айтымында, зал эл аралык стандартка толук жооп берет. Бул залда өспүрүмдөрдөн тарта оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү дагы машыгышмакчы. “Оор атлетикага мамлекет колдоо көрсөтүп жатат. Мамлекеттин колдоосу менен 2013-жылы оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун өткөргөнбүз. Өз жерибизде өткөн мелдеш мамлекетке киреше алып келиши керек. Ошондо мамлекет 50 комплект олимпиадалык нормадагы штангаларды алып берген. Ошол штангалар азыр бөлүштүрүлүп, биздин мектепке 15 штанга, 8 төшөлмө (помост) тийди”,- деп билдирди.

Ал кошумчалагандай, оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 5,5 миллион сом бөлүнгөн. Залдын жакшырганы жана шарттын түзүлгөнүнө карап окуучулардын санын арттыруу планы бар экенин кошумчалады У.Молдодосов.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: