Бишкекте стол тенниси боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды






5-октябрда Бишкекте стол тенниси боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. СССР спортунун чебери Жеңишбек Таласбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш спорттун бул түрүн жайылтуу максатында уюшулуп, ага Кыргызстан жана Казакстандан 52 спортчу катышты. Жеңүүчүлөр 50 жашка чейинкилер арасында өзүнчө аныкталса, бул курактан жогоркуларда жеңүүчү өзүнчө аныкталды.
50 жашка чейинкилерде 1-орунду Култаев Руслан ээлесе, алдынкы үчтүккө Якубаев Алишер менен Алинкулов Марлен киришти. Ал эми 50 жаштан жогорку курактагылар арасында Кудайбергенов Беделбек жеңүүчү аталса, кийинки байгелүү орундарды Юсуп-Ахунов Барат менен Мамыров Деуталы багындырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.