super.kg logo

Жарандарга мамлекет тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү боюнча жаңы мыйзам долбоору сунушталды

 

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин отурумунда “Мамлекет тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды. Аталган мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп чыккан адис Жылдыз Мамбеталиеванын айтымында, учурда иштеп жаткан мыйзамдын бир катар кемчиликтери бар. “2012-жылы Юстиция министрлиги мониторинг жүргүзүп, мамлекет тарабынан юридикалык жардам берүүнүн механизми начар иштеп жатканын аныктаган. Мисалы, кылмыш иштери боюнча адвокат дайындалып жатканда адвокаттардын жалпы тизмеси көрсөтүлбөгөнү, өлкөнүн аймактарында адвокаттардын жетишпегендиги жана лицензияланган адвокаттардын аздыгы. Биз бардык кемчиликтерди эске алып, ушул мыйзамдын негизинде жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык”,- деди Мамбеталиева.

Айта кетсек, КРнын “Мамлекет тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамы 2009-жылдын 28-июлунда күчүнө кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: