super.kg logo

Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин президенттин катышуусундагы отуруму 17-октябрга жылдырылды

 

Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы отуруму 17-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда аталган кеңештин жыйынынын жүрүшүндө президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев жарыялады.

Анын айтымында, мындай жылдыруунун себеби - бардык сунушталган мыйзам долбоорлор менен толук таанышууга убакыт берүү. “Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин 3-отурумунун жүрүшүндө бир нече мыйзам долбоорлор сунушталган. Алардын бардыгы боюнча бир нече суроолор пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан мөөнөттү узартуу боюнча чечимге келдик”,- деп түшүндүрдү Нарымбаев.

Айта кетсек, буга чейин Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы отуруму 14-октябрга белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: