super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги Калыс-Ордо конушуна жеңил үлгүдөгү жаңы мектеп курулат

 

Бишкектеги Калыс-Ордо конушуна эксперименталдык жаңы мектеп курулат. Муну 7-октябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында шаар мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Мектептин курулушуна акча даяр экенин айткан мэр "Жаңы стандарт менен эксперименталдык мектеп курулат. Өкмөттүн тиешелүү токтомун күтүп жатабыз" деп билдирди. 

Жыйында депутат Каныбек Осмоналиев Калыс-Ордо мектебинин курулушу дайыма комитеттин көзөмөлүндө болорун белгилеп, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жеңил конструкция менен курулган мектептерге тиешелүү корутунду бериши керектигин айтты.

Айта кетсек, парламенттин өткөн аптадагы жыйынында депутаттар "алыскы аймактарды мындай кой, борбор шаардын четиндеги Калыс-Ордо конушу мектепсиз отурат" дешкен эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: