Укук коргоочулар мародёрлорго карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштады

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин экинчи отуруму өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө укук коргоочулар мародёрчулук маселесин көтөрүштү. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованын айтымында, өлкөдө мародёрчулукка себеп болгон кырдаал орун албашына эч ким кепилдик бере албайт. “Мародёрлорго карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамдарды өзгөртүш керек”,- деди Абдирасулова.
Айта кетсек, 30-сентябрда аталган кеңештин отурумунда Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү жана жаңы иштелип чыккан Майда кылмыш боюнча кодекс сунушталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.