Депутаттар маданият министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовго айыл жериндеги маданиятты көтөрүүнү сунушташты
Бүгүн, 7-октябрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутаттар маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин карашты.
Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев Максүтовго эң алгач айыл жериндеги маданиятты көтөрүүнү сунуштады. "Айылдарда эс алуу жайлары жок. Мурдагыдай театр, концерт койгон клубдар жок болуп кетти. Маданият министрлиги атайын топ түзүп, кинолорду ар бир айылга көрсөтүп, кино аркылуу маданиятты көтөрсө болот. Жаштарыбызга кино көрсөтүп, мекенчилдикке тарбиялашыбыз керек. Айылдарга жаңы кинолорду алып барып элге көрсөтүп, ишти ушул багыттан баштасаңыз жакшы болот”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

