Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 9 айда 2700дөй кайрылуу түштү
Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна быйылкы жылдын 9 айында 2699 кайрылуу түштү. Мекеменин маалыматына таянсак, 2013-жылы фондго 2484 жаран кайрылган.
2014-жылы 2109 жаран оозеки түрдө, 40ы кат жүзүндө кайрылышкан. Калгандары коомдук кабылдамалар аркылуу арыз-муңун билдиришкен. 2013-жылы оозеки кайрылгандардын саны 2066, кат менен кайрылгандар 32, коомдук кабылдама аркылуу кайрылгандар 386 болгон. Кайрылуулардын баарына тийиштүү кеп-кеңештер, медициналык жардамдар берилгени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















