super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

 

Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 8-9-октябрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө 3...8 градус, тоо этектеринде 1…6 градус жылуу, тоолуу райондордо 0…-5 градус суук болот.

Ал эми 9-10-октябрда абанын температурасы түнкүсүн Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1...-3 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ошого байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: