Жогорку Кеңеште маданият министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги каралууда
Бүгүн, 8-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин карап жатышат. Талапкерди эл өкүлдөрү менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырды. Максүтов депутаттарды өз программасы менен тааныштырууда.
Айта кетсек, 7-октябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети, ошондой эле Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети аталган министрликке Максүтовдун талапкерлигин жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

