Кара-Кулжа районунда селдин калдыктары тосуп калган унаа жолу тазаланып, толук ачылды
Кара-Кулжа районунда селдин калдыктары тосуп калган унаа жолу тазаланып, толук ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү саат 16:30 чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 42-чакырымында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болжол менен 15 метр куб шагыл менен ылай аралаш селдин калдыктары жолду тосуп калган. Мындан улам унаа жолу жабылган. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылып, жол толук ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.