super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар чек арага чектеш жашаган жарандарга курал көтөрүүгө макулдук берген мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберишти

 

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоору чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактардын тургундарын акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик чек араны сактоого тартуунун тартибин аныктайт жана чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын, милдеттерин жана аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктарды белгилейт. Талкууда депутаттар мыйзам долбоорунун зарылдыгын айтып, колдоого чакырышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору кабыл алынары менен чек арага танапташ айылдарга жапырт курал-жарак таратылбастыгын айтып, курал берүү тартибин өкмөт Чек ара кызматы менен макулдашуу аркылуу аныктаарын баса белгиледи.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: