super.kg logo
  Саясат  

Курманбек Дыйканбаев: "Республика" фракциясы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн негизинен колдоду"

 
Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда. Жыйында "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин Бүткүл дүйнөлүк соода уюму кандай чараларды колдоноруна кызыкты. "Биз аталган уюмга 1997-жылы киргенбиз. Буга кирүү оңой эмес. Өкмөт бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүздүбү? Бүткүл дүйнөлүк соода уюму Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдойбу же нааразы болобу?"- деп сурады депутат.
Дыйканбаев экономика тармагы боюнча пикирин айтты. "Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун адам жакырчылыкта жашайт. Бажы биримдигине киргенибизде жакырчылыктын деңгээли 50 пайызга чейин өсүп кетпеш үчүн Экономика министрлиги бааларды жөнгө салуу боюнча кандай иштерди аткара алат?"- деди Дыйканбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: