“Жоомарт Оторбаев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн туура багытын көрсөтүшү керек” деди депутат Төрөбаев

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлору каралды. Жыйын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев премьер-министрдин жыйынга келбегенин сынга алды. "Жоомарт Оторбаев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн туура багытын көрсөтүшү керек",- деп билдирди. Мамлекет кайсы бир уюмга бирикпесе, өнүгө албай турганын айткан депутат төмөнкүлөрдү кошумчалады: "Албетте, Кыргызстан башка мамлекеттер менен кызматташып, бирге иш жүргүзгөнү туура. Бирок Бажы биримдигине киргенибизде эч ким бизге ун, май, бензинди бекер же арзан баа менен бербейт. Муну биз эске алышыбыз керек. Бул биримдикке кирүүдө өзүбүзгө ыңгайлуу шарттарды түзүп киришибиз зарыл".
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

