super.kg logo
  Спорт  

Канатбек Бегалиев: "Азия оюндарында калыстар 5000 доллар сураганда бербей койдум, биздин балбандар ушул себептүү утулушту"

 

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев бүгүн, 8-октябрда SUPER.KG порталына маек куруп, Азия оюндарында калыстар 5000 доллар сурашканын, курамды тандоодо катачылык болбогонун, Азия оюндарында көп медаль утууну тилек кылып барганын айтып берди.

- Канатбек мырза, Азия оюндары аяктаган соң калыстарга бир топ нааразычылыктар болду. Сиздин жетекчилигиңиз алдында катышкан кыргызстандык балбандардын айрымдарын калыстар басып коюшту...
- Ооба, Азия оюндарында грек-рим күрөшүн тейлеген калыстар бир топ нааразычылык жаратышты. Беттештердин алдында курама командалардын машыктыруучуларынан ачык эле акча талап кылып жатышты. Мага да келип "5000 доллар бер, спортчуңду кийинки баскычка чыгарам" деди. Менде андай акча жок да. 5000 доллар - менин 2 жылдык маянам. Негизи, бир бизнесменди ээрчитип барып, калыстардын колуна акча карматсак, медаль алмакпыз. Азыркы грек-рим күрөшүндө эреже жайында. Калыстар коомчулукка байкатпай акча жасап жатышат.
- Сизден акча сурагандан кийин калыстар комитетине арыз менен кайрылып, чара көрсөңүз болот эле. Эмнеге андай кылган жоксуздар?
- Арызданып, кат жүзүндө кайрылуу менин жумушум эмес. Биздин жетекчилер кайрылышса болмок. Мен ойлоп калдым, ошол биздин балбандардын беттештерин тейлеп, каршылаш тарапка абадан упай алып берген калыстарды видеого тартып, туура эмес кылып жатканын коомчулукка кенен жайылтыш керек болчу. Ошондо, балким, алдын алган болот белек...
- Азия оюндарында элдин көбү күрөш спортунан медаль күткөн. Сиз башкы машыктыруучу катары канча медаль пландадыңыз эле?
- Менин оюмча, 3 медаль алмакпыз. Бул оюндарда грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев коло медаль тагынды. Калыбек Жолчубеков, Руслан Царев сыяктуу балбандардан жыйынтык күткөнбүз. Тилекке каршы, байгелүү орундарга илинбей калдык.
- Курамды түзүп жатканда эмнелерге көңүл бурдуңуз? Даярдыкты кандай өткөрдүңөр эле?
- Азия оюндарына бара турган улуттук курама команданы түзүп жатканда балбандардын акыркы ийгиликтерине, алардын спорттук калыпта экенине көңүл бургам. Дээрлик бардык балбандар элге таанылган, Азия оюндарында жыйынтык көрсөткөн спортчулар болчу. Чет мамлекеттерде 6 машыгуу сборун өткөргөнбүз. Ошого карабай калыстар бизден 2 медалды күчкө салып эле тартып алгандай болуп калды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
08.10.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Калыстын алдына сүдүрөп барып сулайта чапса кантип тартып коет? Калыстарга 5000 доллар акчабы? Женилгенди да билиш керек го.
bek007 түзөттү 08.10.2014 20:56
09.10.2014. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jenilgenden kiiin.andai sozdun ne keregi bar .
09.10.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manasemetei, туура айтасын...жеңгенге жараша, тазза тазза сөз калтырбай жеңиш керек эле!
09.10.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin men ka4an konokton 4ygam kowulganyma kop bolup kaldy
09.10.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manasemetei, саламатсызбы!
3 күндөн кийин ЖАРАН тайпасына өтөсүз.
09.10.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл, дүйнө карап турса, телевидение түз алып берип жатса, калыс кантип "алдайт"? Анын иш-аракетинин баары тартылып жатат го, же аларга баары бирби, жеңип жаткан эле спортчуну жеңген жок деш оңой эле нерсеби...
09.10.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа оной эле нерсе камырдан кыл суругандай эле
09.10.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынабу ар кайсыны эле суйлой берет экен го. Анда эмне Кобонов 4 жыл мурда доллардан берип жатып чемпион болду беле?
09.10.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде акча сураганы чын болсо анда арызданып доказать кылыш керек болчу. Ал сиздин ишиниз болбосо мынтип кыргыз элинеда арызданбаныз женилгенизди моюнга алып. Молчания знак согласия дейт орустар калыстарга айтпадыныз демек женилгенизди моюнга алдыныз. Кобонов, Эралиев, Тумонбаевтердида алып барыш керек болчу.
09.10.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begaliev kalpundu koison bolo??!!
09.10.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sportchulardy bandit kylbai jakshy mashyktyrysh kerek. Temselep kochodo taltaia basyp jurso kimdi kotoro chaap sotkasyn je akchasyn alsam dep...
09.10.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
анда эмне ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВге коло медал учун канча доллар бердиниз ырчылар ырдай албай калса гриппке шылтайт эле силер коррупсяга шылтап калдынарбы ошентсе эл ишенет боор ооруйт дединерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: