super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациялары үчүн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы атайын кеңсе бөлдү

 

Жогорку Кеңештин делегациялары үчүн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы атайын кеңсе бөлдү. Парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева билдиргендей, эми ал жерде туруктуу иштей турган атайын өкүл тандалышы керек. "Иш бөлмөсүн тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо шарттары дагы караштырылат. Ал жерде ишти жөнгө сала турган өкүл бир гана парламентке эмес, өкмөткө дагы бирдей кызмат кылуу милдетин мойнуна алат. Ага кетүүчү чыгымдар республикалык бюджеттен каралат деген менен, эл аралык уюмдардын каржылык колдоолоруна дагы таянуу мүмкүнчүлүктөрү бар”,- дейт Сасыкбаева. 

Депутат Жогорку Кеңешти өнүктүрүүнүн стратегиясынын алкагында ишке ашып жаткан видеоконференция, турникет системинин ишке берилгени адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жол ачкандыгын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: