super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: “Бажы биримдигине кирүүнүн зыянына караганда пайдасы көп”

 
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн зыянына караганда пайдасы көп. Муну 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирип, КСДП фракциясы өлкөнүн аталган союзга киришин колдой турганын ырастады. Депутат бул маселе боюнча экономика министри Темир Сариевдин социалдык коргоо боюнча чаралар көрүлө турганын, атаандаштыкка туруштук бере аларыбызды, автоунаалардын баасы кескин кымбаттабай турганын билдиргенин эске салды. “Бул расмий билдирүү иш жүзүндө чечилет деп ишенебиз”,- дейт Ниязалиева. 
Депутат бизнестин, ассоциациялардын, эксперттердин көпчүлүгү Бажы биримдигине кирүүгө макул экенин айтты. 
“Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс жактарын салыштырганда оң жагы салмактуу болуп жатат. Маселен, Кыргызстан үчүн чоң рыноктор ачылмакчы. Эмгек мигранттарынын маселелери чечиле турган шарттар түзүлөт. Алар Казакстан жана Орусиянын жарандары сыяктуу эле аталган өлкөлөрдө жумушка орношууга бардык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалат жана алар менен укуктары бирдей болот. Өндүрүш өнүгөт, чек ара бекемделет. Нефтепродуктулар үзгүлтүксүз кирет”,- дейт депутат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: