super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Осмоналиев, депутат: “Учурда англис, кытай тилдерин үйрөнүү чоң кызыгуу жаратууда”

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев 8-октябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча комиссары Астрид Торс менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү тармагынын абалы, мектептерде улуттар ортосундагы мамилелерди бекемдөө долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Осмоналиев мектептерде билим берүү төрт тилде жүргүзүлүп, чет тилдер да окутулуп жатканын айтып, "англис тили менен катар кытай тилин үйрөнүү чоң кызыгууну жаратууда" деп билдирди.

Астрид Торс билим берүү жана толеранттык тарбия берүү жаатында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштерди атады. Республикада билим берүү мекемелери менен бирдикте ишке ашырыла турган тилдик саясатка байланыштуу жаңы долбоорлор башталарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: