Бишкектин Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги ыңгайсыз жагдай парламентте көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Бишкектин көчөлөрүндөгү ыңгайсыздыктарды айтып чыкты. Депутат шаардын Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги жагдайды тартипке келтирүү керектигин айтат. "Бул көчөлөрдүн кесилишинде баш аламандык, жөө адамдар өтө алышпайт. Жакында кыш келет, унаалар 30-40 мүнөт тыгында турушат, мунун айынан башка көчөлөрдө да автотыгын. Бул жерди бир тартипке салып койсо болот да",- дейт депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Депутат шаар көчөлөрүн жарыктандыруу ойдогудай эмес экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

