Депутаттар министр Канат Садыковду эркелетүүнү токтотуу керектигин айтышты
"Баткен облусунда айрым чакан мектептер жабылып жатат",- деп билдирди депутат Ташполот Балтабаев бүгүн, 9-октябрда парламент отурумунда. Депутат буга байланыштуу парламенттин КСДП фракциясына билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жоопкерчилигин карап чыгууну сунуш кылды. “Баткенде мектептер жабылып жатат. Балдар кайда барып окуу керектигин билбей калышса, мугалимдер айласын таппай отурушат. Министр Канат Садыков "Кыргызстанда сабактар көп болуп калган" деп реформа жүргүзүп, сабактардын санын кыскартып салган болчу. Эми эмне болду? КСДП фракциясы, министрликке пайдасыз, натыйжасыз реформа жүргүзгөн министр Канат Садыковдун ишин карап чыккыла. Ал кимдин эрке баласы? Ушунча эркелеткениңер жетиштүү”,- деди Балтабаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

