super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев кендер боюнча: "Кыргызстан тарыхта биринчи жолу эл аралык сотто утту"

 

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу "Куттуу-Сай 2" жана "Кала-Сай" кендери боюнча эки компанияны эл аралык сотто (КМШ экономикалык сотунда) утуп алганын билдирди. "Куттуу-Сай" кенинин наркы "Кумтөрдөн" үч эсе жогору турарын белгилеген депутат аталган кенди сынактык сатыкка чыгарууну сунуштады.

"Куттуу-Сай" компаниясы кезинде көз боочулук кылып, мамлекеттик алдоо менен, кенди иштетүү лицензиясына ээ болгон. Ошондон бери башыбызды айлантып келди. Алар Москва соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраждык сотто Кыргызстанды 130 миллион долларга утуп алган. Бирок бул жолу юристтер жакшы иштегендиктен, утуш биз тарапта болду. Эми сатык сынагын таза жана ачык-айкын өткөрүп, "Кумтөрдүн" тагдырын кайталабаш керек",- дейт Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: