Бишкекте 3 айдан ашуун дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн жаран табылды
Бишкекте 3 айдан ашуун дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн жаран табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Июнь айында Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө К.Т. аттуу айым кайрылып, 22 жаштагы психикалык жактан жабыркаган Ж.Т. аттуу уулунун дайынсыз жоголуп кеткендигин кабарлаган. Аталган айымдын айтымында, уулу дары ичүүдөн ууланып калуу коркунучунан улам баш тартып, үйүнөн качып кеткен.
Издөө иштери тынымсыз жүргүзүлүп, эч кандай жыйынтык болгон эмес. Бирок жакынкы аралыкта дайынсыз жоголуп жаткан жаран "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети тараптан табылган. Ал 3 айдан ашуун тентип жүргөн, учурда ооруканада дарыланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.