super.kg logo

Күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүш үчүн Бишкекке 1 миллион тоннадан ашуун көмүр керек болсо, учурда ушул көлөмдүн 15 пайызы гана бар

 

Жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшү үчүн “Электр станциялар” ишканасы Бишкектин Жылуулук электр борборуна 1 миллион 57 миң тонна көмүр даярдап бериши керек. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул көлөмдүн 507 миң тоннасы Д үлгүсүндөгү импорттук көмүр, калган 550 миң тоннасы кыргызстандык көмүр болушу пландалган.

Учурда импорттук көмүрдүн 22,2 миң тоннасы даяр. Бир апта мурун КРнын Өкмөтү 487 миң тонна “Шабыркүл” көмүрү боюнча келишим түзгөн. Октябрда бул көмүрдүн 70 миң тоннасы келет.

Кыргызстандык көмүрдүн керектүү көлөмүнүн 500 миң тоннасы “Ковак” көмүр кенинен, 50 миң тоннасы “Таш-Көмүр” кенинен алынып келинмекчи. 350 миң тонна "Ковак" көмүрү боюнча келишим түзүлгөн. Учурда 85,8 миң тоннасы жеткирилген, жакында дагы 70 миң тонна алынып келиниши күтүлүүдө. Ал эми “Таш-Көмүр” кенинин көмүрү боюнча келишим түзүлүп жатат.

Мындан тышкары Бишкектин Жылуулук электр борборунда КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 миң тонна көмүрү сакталууда. Ошондо бул борбордо жалпысынан 150 миң тоннага жакын көмүр бар. Бул күзгү-кышкы мезгилдин ийгиликтүү өтүүсү үчүн керектүү көлөмдүн 15 пайызын гана түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.10.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тендерде уткан Казакстанды комур компаниясы комур туралуу кандай жол менен алынып жаткандыгы туралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.Буга эч ким конул бурган жок!Ошол учун комур жоооок!
09.10.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанылбасам Бишкек кышка 80% тик даярдыкта деп август айынын башында мэриядагы чиновниктерибиз бакылдап жатат беле?
09.10.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мыкчыгерлер атайын иш жасабай убакытты созуп отурат да анан аз убакыт калганда мындан башка жол жок деп Куландын радиактивдуу комурун ташып келишет, бул комурдон болунуп чыккан радиактивдуу нурларга миллиондой Бишкектин тургундары ууланса мейли, алар учун акча жогору турат, башка элдер радиактивдуу калдыктарынан кутула албай акча берип башкаларга откоро албай журушот, биздин кемпайлар кайра акчага уулуу-радиактивдуу комур сатып алабыз дейт!!! Эл олсо олуп кетсин дегениби бийликтин!!!
09.10.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде 2-3 жыл мурунку уулуу комур алып келгендерди жазалап камаганда бул тема кайра которулбойт болуучу, азыр теле-гезиттердин басымдуу болугу ал же бул ишкерлердин колдоосуна, канаты астына, менчигине отуп кеткенине байланыштуу, бийликтен комур тууралуу макала болбосун десе баары ооздорун жаап калууда айрым бир-эки оппозициялык же эркин массалык каражат окулунон башкалары... Бизге уулуу-радиактивдуу комур керекпи же башка иштей турган бийлик керекпи жакшына комур менен камсыздай турган?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: