super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев кореялык ишкерлерге логистикалык борбор курууну инвестициялоо сунушун айтты

 

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 9-октябрда Түштүк Кореянын Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сокту кабыл алды. Өкмөт өкүлү Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Ён Чон шаарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун маанисин белгиледи. Документтин алкагында Түп районунда дары-дармек чөптөрдү өстүрүү жана аны кайра иштетүү үчүн 20 миллион доллар тартылары айтылды. “Өкмөт Корея менен соода-экономикалык байланыштарды иш жүзүндө кеңейтүүгө кызыкдар. Айыл чарбасы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Корей ишкерлерине агрардык тармакта жаңы технологияларды киргизүүнү активдештирүүгө жана тамчылатып сугарууну өнүктүрүүгө инвестиция салууну сунуштайм. Ысык-Көл облусунда тамчылатып сугарууга жарамдуу 100 миң гектардан ашуун жер тилкеси бар. Кореядагы Ён Чон шаары салттуу медицина борбору жана дары чөптөрдү өндүрүүчү катары белгилүү. Кыргызстан дары чөптөргө жана минералдарга бай, аны Кореяга экспорттоо кызматташуунун бир багыты болуусу мүмкүн",- деди Сарпашев.

Биринчи вице-премьер корей тарапка логистикалык борборлорду жана ири жер-жемиш сактоочу жайларды курууну инвестициялоону сунуштады.

Ким Ёнг Сок: "Ён Чон шаарында Кыргызстандын айыл чарбасынын ар кайсы тармагына инвестициялоону каалагандардын саны көп. Ошондуктан биз кызматташуубуз так инвестициялык долбоорлор аркылуу ишке ашуусун каалайбыз. Биз заманбап технологияларды агрардык тармакта активдүү киргизүүдө жана өлкөгө керектүү адистерди даярдоого көмөк берүүгө даярбыз",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: