super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок менен жолугушту

 

Бүгүн, 9-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Түштүк Кореянын Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жоомарт Оторбаев Ким Ёнг Сокко корей тараптын Кыргызстандагы дары-дармек өсүмдүктөрүн өндүрүү жана кайра иштеп чыгуу жана күнөскана чарбаларын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун максаты айыл чарба жана мал чарбачылыгы жаатында атайын технологияларды алмашуу болуп эсептелет.

Бул сыяктуу долбоорлор мамлекеттер ортосундагы ар кыл тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан ары карай Корея Республикасынын бизнес-коомчулугу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан экономика, маданият, туризм жаатындагы долбоорлорго көбүрөөк тартылат деп ишенем. Биз өз кезегинде тийиштүү көмөк берүүгө даярбыз”,- деп билдирди өкмөт башчы.

Ким Ёнг Сок корей тараптын Кыргызстан менен соода-экономикалык, өзгөчө агрардык тармактагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. “Биз долбоордун биринчи фазасына 5 миллион долларга жакын инвестиция салдык жана биздин кыргыз ишкерлери менен кызматташуубуз чыныгы инвестициялык программаларга айланышын каалайбыз. Аталган долбоорго байланыштуу айта турган болсок, анын натыйжасы катары “жаңыланган айылдын” түзүлүшү эсептелет, анда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүдө заманбап ыкмалар жана технологиялар пайдаланылат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: